Окуялар

«Улуттар аралык кастыкты козутуу». NEXT TV каналынын директору 48 саатка камакка алынды

NEXT TV каналынын директору Таалай Дүйшенбиев 48 саатка камакка алынды. Бул тууралуу телеканалдын расмий баракчасында жазылды.

«330-берене (Кастыкты козутуу) менен иш козголду. NEXT TV каналынын директору Таалай Дүйшенбиев 48 саатка камакка алынды. Сурак болот. Бирсүгүнү сот болот. Эфирди токтотуу туура эмес»,- деп айтылат маалыматта.

Буга чейин аталган каналга «Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтөт» деген жалган кабарды Казакстандын атайын кызматынын мурдагы башчысынын айтканына шилтеме берип, социалдык түйүндөрдө таратканы үчүн кылмыш иши ачылганы маалым болгон. Экспертиза бул маалыматта «кастык козутуучу белгилер бар» деп тапкан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button