Тилек Оторов Ички иштер министрлигинин Басма сөз кызматынын жетекчиси болуп дайындалды

Милициянын подполковниги Оторов Тилек Арсыбекович Ички иштер
министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси болуп дайындалды, деп
билдирди бүгүн, 7-мартта ИИМдин басма сөз кызматы.

Министрликтен белгиленгендей, ал бул кызматка сынактан жана маектешүүдөн
өткөн. Буга чейин Оторов Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы
башкармалыгынын басма сөз кызматында 10 жылдай кызмат өтөгөн.

Буга чейин Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы кызматын 2007-жылы
дайындалган Бакыт Сеитов аркалап келген. Ал 2021-жылдын 24-декабрында жаш
курагына жеткендигине байланыштуу пенсияга чыккан.

«Ошол эле учурда ал Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башкы
адиси кызматын калды», – деп кошумчалашты министрликтен.