ИИМ: Нооруз майрамынын алдында коопсуздук чаралары күчөтүлөт

Ички иштер министрлиги Нооруз майрамына карата коопсуздук чараларын күчөтүүдө. Майрамды өткөрүү маалында укук тартибин жана коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында республиканын аймагында бир катар кошумча ыкчам-алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Ички иштер министрлиги жана анын аймактык бөлүктөрү жер-жерлерде коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун талаптагыдай камсыздоого, маанилүү объектилерди коргоого, ушул майрамды майрамдоого арналган маданий-массалык иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү маалында укукка каршы аракеттерди болтурбоого багытталган уюштуруу жана практикалык чараларды көрүүдө.

ИИМдин “Коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө” буйругу чыгып, ага ылайык Нооруз майрамын майрамдоодо коомдук коопсуздукту жогорку деңгээлде камсыздоо боюнча масштабдуу иш-чаралардын планы ишке ашырылууда.

Бул буйрукка ылайык, ички иштер органдарынын өздүк курамы ушул жылдын 20-21-март күндөрү күчөтүлгөн режимде кызматын өтөшөт. Маанилүү объектилер коргоого алынат. Майрамдык иш-чаралар өткөрүлүүчү жайлардын коопсуздугун камсыздоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулат. ИИОнун бардык бөлүмдөрүндө коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого тартылган күчтөрдү жана каражаттарды эсеби аныкталды. ИИОнун нөөмөт бөлүктөрүндө күчөтүлгөн ыкчам-тергөө топтордун кезметке туруулары уюштурулду.

Нооруз майрамын майрамдоонун алдында ички иштер органдарынын кызматкерлеринин ыкчам бөлүктөрү ыкчам-алдын алуу мүнөзүндөгү рейддик жана атайын иш-чараларды күчөтүлгөн тартипте жүргүзүүдө. Анын ичинде көчөлөрдө жана коомдук жайларда кылмыштарга жана укук бузууларга жол бербөөгө багытталган “Укук тартип” аталышындагы иш-чарасы   өтүүдө.

Өздүк курамга коопсуздукту камсыздоо, коргоону уюштуруу, ар кандай кырдаалдарга ыкчам чараларды көрүү, мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти катуу сактоо, жарандарга маданияттуу, сылык мамиле кылуу боюнча тескемелер өтүүдө. 

Майрам күнү коомдук тартипти камсыздоо үчүн республика боюнча 6 миңден ашык милиция кызматкерлери тартылат- деп билдирди ИИМдин Басма сөз кызматынан.