Коом

Полковник Кыял Дүйшөналиев дүйнө салды

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматы өзүнүн мыкты кызматкери Кыял Дүйшөналиев каза болду. Бул тууралуу ЖАКтын Басма сөз кызматынан билдиришти.  

Ал  кечээ  24-мартынта катуу оорудан кийин  каза болгон.

Кыял Дүйшөналиев  1992-жылдан бери Ички иштер министрлигинин жана Жаза аткаруу тутумунда кызматын баштаган.  №21- тергөө изоляторунун тескөөчүсүнөн баштап мекеменин жетекчисинин тарбия иштери боюнча орун басарына чейин жеткен.

Бишкектеги кооперативдик техникумда жана Эл аралык педагогикалык академияда юриспруденция жана психология адистиги боюнча билим алган.

Полковник Кыял Дүйшөналиев коллективде татыктуу кадыр-баркка ээ болгон, кадрларды тарбиялоого зор салым кошкон, өз ишинин мыкты адиси эле.

Кесиптешибиздин элеси аны билгендердин баарынын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.

Оор жоготууга байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Арты кайруу болсун! Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун! – деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button