Коом

Кыргызстанда кореялык ишкерлерди колдоо боюнча Консультативдик кеңештин жыйыны өттү

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров кореялык ишкерлерди колдоо боюнча Консультативдик кеңештин жыйынына катышты.

Иш-чаранын алкагында кореялык бизнести колдоо боюнча адистештирилген Korean Desk терезеси ачылды.
Жыйынга Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ким Кванг Дже жана кореялык бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү да катышты.


Равшанбек Сабиров Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү, ишке ашырылып жаткан стратегиялык долбоорлор жана инвесторлорду мамлекеттик колдоо чаралары тууралуу маалымат берди.
Тараптар өнөр жай, энергетика, маалыматтык технологиялар, жасалма интеллект, агроөнөр жай комплекси, медицина жана туризм тармактарындагы кыргыз-корей кызматташтыгын өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.
«Биз кореялык инвестицияларды тартууга гана эмес, биргелешкен ишканаларды түзүүгө, өндүрүштөрдү локалдаштырууга, алдыңкы технологияларды киргизүүгө жана квалификациялуу кадрларды даярдоого да кызыкдарбыз. Биргелешкен долбоорлор Бишкек шаарынын гана эмес, Кыргызстандын аймактарынын да өнүгүшүнө өбөлгө түзүшү маанилүү», — деп белгиледи Равшанбек Сабиров.
Ошондой эле ал Сеул шаарында өткөн «Корея — Борбордук Азия» биринчи саммити жана Корея — Борбордук Азия биринчи бизнес-саммити эки тараптуу экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачканын белгиледи. Корея Республикасына болгон жумушчу сапардын алкагында Улуттук агенттик алдыңкы компаниялар жана каржы институттары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, алардын жыйынтыгында кызматташтык жөнүндө меморандумдарга кол коюлган.

Тектеш кабарлар

Back to top button