Коом

Дастан Усубакунов транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары болду

​Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары кызматына Дастан Усубакунов дайындалды. Бул тууралуу 27-ноябрда министрлик кабарлады.

Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол коюп, жаңы жетекчи ошол эле күнү мекеменин жамаатына тааныштырылды.

​1986-жылы 26-августта туулган Дастан Усубакунов буга чейин «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары болуп эмгектенип келген.

​Жаңы кызматта ал министрликтин экономикалык талдоо иштерин координациялоого, мамлекеттик органдар менен кызматташууну камсыздоого, ошондой эле ички уюштуруу жана башкаруу маселелерине жооп берет.

Тектеш кабарлар

Back to top button