Ички иштер министрлиги чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча жалган маалыматтар тарап жатканын билдирет

Ички иштер министрлиги өзүнүн ыйгарымынын чегинде Кыргыз Республикасынын жарандарынын коопсуздугун камсыздоо максатында  чет өлкөдө ишке орношууда терс окуяларга дуушар болуп калбоолору үчүн төмөнкүлөрдү маалымдайт. 

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору компаниялардын бири менен макулдашуунун алкагында Кыргыз Республикасынын жарандарын Улуу Британияга айыл чарба чөйрөсүндөгү мезгилдик иштерге жумушка орноштуруу үчүн   топтоону уюштуруу боюнча  иштерди жүргүзүп жатат.

Учурда социалдык тармактарда Кыргыз Республикасынын жарандарын Улуу Британияга жана башка Европа  жана Азия өлкөлөрүнө ишке орноштуруу жөнүндө мыйзамсыз жарыялоо фактылары орун алууда.

Ушуга байланыштуу, ички иштер министрлиги башка мамлекеттик органдар менен биргеликте уруксаты берилген маалыматтары жок, шек жараткан жарнактарга жол бербөө, ошондой эле колдонуудагы мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу боюнча мыйзамсыз иш жүргүзгөн жеке жана юридикалык жактарды аныктоо боюнча комплекстүү иш-чараларды  ишке ашырып жатат.

Алдамчылык аракеттерге жол бербөө, ошондой эле мыйзамсыз миграцияны уюштуруу фактыларына бөгөт коюу максатында Ички иштер министрлиги шектүү фактылар же адамдар боюнча төмөнкү телефондорго маалымдоону өтүнөт: (0312) 26-61-70; 26-61-65,  жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору – 1899 же 102.

Айыл чарба иштерине ишке орноштуруу эрежелери жөнүндө толук маалыматты Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун сайтынан migrant.kg жана “AgriHR” компаниясынын сайтынан алууга болот, – деп билдирди ИИМдин Басма сөз кызматы.