Коом

1-9-май күндөрү эс алабызбы? Токтом долбоору коомдук талкууга коюлду

Министрлер кабинети 1-майдан 9-майга чейин эс алуу күндөрүн жарыялоо боюнча токтом долбоорун сунуштады.

Документ Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги тарабынан иштелип чыгып, министрлер кабинетинин сайтында коомдук талкууга коюлду.

«Мамлекеттик бюджеттен каржылануучу мекемелердин жана ишканалардын беш күндүк графиги боюнча иштеген кызматкерлер үчүн 1-майдан 9-майга чейин дем алыш күндөрү белгиленет», — деп айтылат долбоордо.

Иш күндөрү кайсы учурга жылдырылат:

4-май (шаршемби) иш күнү 30-апрель (ишемби) дем алыш күнүнө;

6-май (жума) иш күнү 14-май (ишемби) дем алыш күнүнө.

Беш күндүк график боюнча иштеген жеке менчик юридикалык жактардын жетекчилерине бул токтомго ылайык эс алуу күндөрүн жылдыруу сунушталат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button