Чүйдө 19 жаштагы кыз 40 жаштагы кишини бычактаганга шектелип кармалды — ФОТО

Чүй облусунун Жайыл районунда 40 жаштагы жарандын ден соолугуна оор залал келтиргенге шектүү катары 19 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматыф билдирди.
Билдирүүгө ылайык, 2022-жылдын 11-апрель күнү милиция бөлүмүнө аймактык ооруканадан телефон чалуу болуп, 1982-жылы туулган Б.В. аттуу жаран бычактан алган жарактынан улам ооруканага жаткарылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
«Бул маалыматтын негизинде дароо ыкчам тергөө тобу окуя болгон дарекке чыгышкан.
Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 2003-жылы туулган Т.Н кармалып, тергөө кызматына жеткирилди», — деп билдиришти облустук милициядан.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жогорудагы окуя ортодон чыккан пикир келишпестиктен улам болгону аныкталган.
Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.



