Коом

Кыргызстанда жашоо былтыркыга салыштырмалуу 1000 сомго кымбаттады

Кыргызстанда жашоо былтыркыга салыштырмалуу 16,7 пайызга кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, быйылкы жылдын I кварталында жашоо минимумунун орточо көлөмү 6 813 сомду түздү. Ал эми 2021-жылдын ушул мезгилинде 5 840 сом деп белгиленген болчу.

Өлкө ичинде Жалал-Абад облусу жашоого эң кымбат аймак катары таанылды. Бул жакта жашоо үчүн киши башына бир айда 7 242 сом керектелет. Эң төмөнкү чен Талас облусунда — 6 364 сом.

Категориялар боюнча жашоо минимумунун көлөмү:

Эмгекке жөндөмдүү курактагылар — 7 616 сом;

Анын ичинен:

эркектер — 7 796;

аялдар — 7 474;

пенсионерлер — 6 066;

балдар — 5 796;

Анын ичинен:

7 жашка чейинкилер — 5 170;

7ден 14 жашка чейинкилер — 5 996;

14төн 17 жашка чейинкилер — 6 559.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button