Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 10 өрт кырсыгы катталды

Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 10 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 13 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 2, Ош шаарында 1, Ош облусунда 2, Баткен облусунда 1, Чүй облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.