Ташиевдин уулу Эмир-Хан Кыдыршаев дүйнөгө белгилүү “Барселона” клубунун жаштар курамасына кирди

Эмир Хан Кыдыршаев расмий түрдө жаштар командасынын курамында дүйнөгө белгилүү “F.C. BARCELONA” клубунда машыга баштады.

Кыргыз футбол союзу 17 жаштагы спортчуну куттуктайт.  Кыргызстандык жаш футболчу өзүнүн эмгегинин жана  каалоосунун аркасында “F.C.BARCELONA” футбол клубунун чоң үй-бүлөсүнүн мүчөсү боло алгандыгы, ондогон жана жүздөгөн жаш спортчулар үчүн өз мекенинде жана анын чегинен тышкары спорттогу бийиктиктерди багындырууга түрткү боло алат. Бул сонун жаңылык Кыргызстандын атактуу футбол клубу менен жакындашуусуна мүмкүнчүлүк берет жана Дүйнөлүк футбол жылдыздарынын тажрыйбасына таянуу менен республикадагы футбол салттарын алга жылдырууга жана жакшыртууга жардам берет! – деп  айтылат Кыргыз футбол бирикмеси билдирген маалыматта.

Эскерте кетсек, Эмир-Хан Кыдыршаевдин буга чейин испаниялык “Леванте” клубуна аңгемелешүүгө чакырылганы айтылган.

Белгилей кетсек, Эмир-Хан Кыдыршаев УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу.