Өзгөндө эки автоунаа кагышып, айдоочу уул-кызы менен каза болду

Бишкек — Ош жолунун 500-чакырымында, Өзгөн районунда жол кырсыгы катталып, айдоочу эки баласы менен каза болду. Бул туурасында Ош облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 11-май күнү саат 9:00дөр чамасында Toyota land Cruiser-200 жана Daewoo Matiz үлгүсүндөгү автоунаалар кагышкан.

“Matiz унаасынын айдоочусу, 31 жаштагы М.Н. Жалал-Абаддан Өзгөндү көздөй бара жатып Land Cruiser менен кагышкан. Натыйжада жеңил унаанын айдоочусу мерт болгон, 6 жаштагы уулу жана 5 жаштагы кызы Өзгөн райондук ооруканасына жеткирилгенден кийин көз жумган. Жаракат алган жубайы учурда ооруканада жатат”, — деп айтылат маалыматта.

Ал эми жолтандабастын айдоочусу менен эки жүргүнчүсү ар кандай жаракаты менен ооруканага жеткирилген.

Учурда жол кырсыгы боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө жүрүп жатат.