Саясат

Садыр Жапаров БАЭ энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл Аль-Мазурэй менен жолугушту

Садыр Жапаров Абу-Даби шаарында экономикалык кызматташтык боюнча экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-эмират өкмөт аралык комиссиясынын теңтөрагасы, Бириккен Араб Эмираттарынын энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл Аль Мазурэй менен жолугушту. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда кыргыз-эмират кызматташтыгынын соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө кызматташтыгын активдештирүү боюнча пикир алмашуу болду.

Аны менен катар, Кыргызстандагы инвестициялык климатты жакшыртуу жана бул багытта БАЭ тажрыйбасын колдонуу боюнча иш тобунун ишмердүүлүгүн активдештирүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле, меймандарга тийиштүү шарттарды түзүү менен БАЭден Кыргызстанга туристтерди тартуу боюнча маселелер талкууланды.

Аны менен бирге, алдыдагы жогорку деңгээлдеги визиттердин мазмундук бөлүгүн байытуу боюнча даярдык талкууланды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button