Казакстандын өлтүрүлгөн аял өлүм алдында полицияга чалууга үлгүргөн

Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, Таразда 19-майга караган түнү полиция кызматкерлери үйлөрдүн биринен аялдын жансыз денесин табышкан. Ага чейин жансыз денеси табылган жаран полицияга телефон чалып, үйгө бирөөлөр кирип кеткени жөнүндө кабарлаган.

“2022-жылдын 18-май күнү саат 23:28де “102” кызматына белгисиз адам үйгө кирип, бычак менен коркутуп жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Көрсөтүлгөн дарекке жеткен полиция кызматкерлери үйдүн ичинен өрт чыкканын аныкташкан. Окуя болгон жерге дароо өрт өчүрүүчүлөр дагы чакырылган”, – деп жазылат билдирүүдө.

Андан кийин уктоочу бөлмөдөн 57 жаштагы аялдын зордук-зомбулук белгилери менен өлтүрүлгөн жансыз денеси табылган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары мурда соттолгон 32 жаштагы Тараз шаарынын тургуну кармалган. Учурда бул иш боюнча керектүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүүдө.