Саясат

2022-2026-жылдарга Интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы бекитилди

2022-2026-жылдары Кыргызстанда интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы бекитилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Бул программаны бекитүү чечими КР президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын, ошондой эле 2026-жылга карата Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчиктин жана инновациялардын теңделген жана натыйжалуу экосистемасын калыптандыруу үчүн шарттарды түзүүнү ишке ашыруу максатында кабыл алынды.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын аймагында 74 053 интеллектуалдык менчик объектилери корголууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button