Коом
Өкмөт Коргоо министрлиги менен Улуттук инвестициялык агенттикке начар иштеп жатат деген баа берди

2023-жылга карата министрлер кабинетинин иш-чаралар планынын аткарылышынын жыйынтыгы чыгарылды.
“Эң жакшы” деген баага 16 мамлекеттик орган (былтыр 9 болчу) татыды. 15 ведомствого “жакшы”, ал эми Коргоо министрлигине “3”, Улуттук инвестициялык агенттикке “2” деген баа коюлду. Былтыр эң начар бааны Жаратылыш министрлиги алган эле.



