Коом

Алымкадыр Бейшеналиев кызматына келип, ага каршы чыккан орун басарлары тууралуу айтты

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанга кайтып келип, учурда жумуш ордунда. Мындай маалымат министрдин өзү менен байланышканыбызда белгилүү болду,- деп жазды Super.kg порталы.

«Аларды министрлер кабинетинин төрагасы кетире алат. Мен жумуштан кетире албайм. Мен жумушка келдим. Алар менен жолугушуп калсам күлүп коём, башка эмне кылмак элем. Алар эми уяты болсо өздөрү эле уялып кетишет. Мен иштеп, реформаларды кыла берем», — деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Эскерте кетсек, 16-майда саламаттыкты сактоо министринин орун басарлары чукул маалымат жыйын өткөрүп, президент Садыр Жапаровго, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылуу жасашкан. Анда Алымкадыр Бейшеналиевдин орун басарлары Улук-Бек Бектурганов, Жалалидин Рахматуллаев жана Жапаркул Ташиев министрди кызматтан кетируунү суранышкан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button