Коом

УКМК: Нарын облусунун Жумгал райондук сотунун судьясына кылмыш иши козголду — ВИДЕО

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан КР Башкы прокуратурасы менен биргеликте кылмыш ишинин алкагында Жумгал райондук сотунун судьясы А.А.М. жана Жумгал районунун прокурорунун орун басары О.Ж.К. тарабынан опузалап пара алуу фактысы аныкталып, акча каражатын пара катары алып жаткан жеринен кармалган. 

2022-жылдын 23-майында кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу үчүн судья А.А.М. карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара алуу) боюнча кылмыш иши козголду.

Аталган кызмат адамдары Жумгал райондук сотунда каралып жаткан кылмыш ишин токтотуу үчүн Х.Д. аттуу жарандан опузалап акча каражатын талап кылышкан.

Ал эми прокурордун орун басары О.Ж.К. 2 айлык мөөнөткө КР УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди, — деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button