Блогер Батмакан Жолболдуеванын иши соттук кароого жөнөтүлдү

Бул тууралуу 26-майда Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Нурпери Абдуллаева билдирди.

Маалыматка ылайык, блогерге карата көрсөтүлгөн кылмыш курамдары боюнча айыбы угузулуп, иш Ош шаардык сотуна жөнөтүлдү.

Жолболдуева Галымбетованын өлүмүнө шек саналып кармалып, камакта отурат. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү”, “Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу”, “Документтерди жасалмалоо” жана “Бейбаштык” беренелери менен төрт кылмыш иши козголгон.

Ош шаардык соту 21-апрелде аны 26-майга чейин камакта калтыруу тууралуу чечим чыгарган. 25-майда сот карап камакта кармоо мөөнөтүн эки айга узарткан.

37 жаштагы Галымбетованын сөөгү 26-мартта Баткен шаарында жерге берилген. Жакындарынын айтымында, ал 25-март күнү кечке жуук өзүн жаман сезип ооруканага түшүп, эсине келбей каза болгон.