Коом

УКМК: Талас шаарынын тургуну диний-экстремисттик көз караштан баш тартты — ВИДЕО

КР УКМК диний-экстремистик жана эл аралык террордук уюмдардын ишмердүүлүгүн алдын алууга жана токтотууга багытталган иш-аракеттердин алкагында, Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган ДЭУнун мүчөлөрүн жана тарапкерлерин ынандыруу боюнча түшүндүрүү-профилактикалык иш-чаралары жүргүзүлдү.

Көрүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында Талас шаарынын тургуну С.Ч.Т. тандап алган диний багытынын туура эмес экенин түшүнүү менен, зыяндуу экстремисттик идеялардан баш тартып, жарандарды “Хизб ут-Тахрир” ДЭУнун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырды.

Белгилей кетсек, С.Ч.Т. 2012-жылы белгисиз эмиссарлар тарабынан “Хизб ут-Тахрир” ДЭУнун катарына алынып, үгүттөө жана тыюу салынган адабияттарды таратуу менен алектенген.

КР УКМК мыйзамсыз экстремисттик жана террористтик аракеттердин алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иштерди улантууда,- деп билдирди аталган мекеменин Басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button