УКМК: Жалал-Абаддын эки тургуну “Хизб ут-Тахрир” диний экстремисттик уюмдан баш тартты – ВИДЕО

КР УКМК диний-экстремистик жана эл аралык террордук уюмдардын ишмердүүлүгүн алдын алууга жана бөгөт коюуга багытталган иш-аракеттердин алкагында, Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир” ДЭУнун мүчөлөрүн жана тарапкерлерин ынандыруу боюнча түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлдү.

Көрүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында Ала-Бука районунун тургуну С.О.Т. жана Аксы районунун тургуну Х.М.М. тандап алган диний багытынын туура эмес экенин түшүнүү менен, экстремисттик идеялардан баш тартып, жарандарды “Хизб ут-Тахрир” ДЭУнун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырышты.

Бул жарандар 1999 жана 2018-жылдардан бери “Хизб ут-Тахрир” ДЭУнун кылмыштуу ишмердүүлүгүнө катышып, экстремисттик жашыруун топтун активдүү кызматкерлери менен байланышта болушкан.

Азыркы учурда КР УКМК тарабынан “Хизб ут-Тахрир” ДЭУнун ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу, ошондой эле аталган диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн арасында алдын алуу иш-чараларды жүргүзүү боюнча ишмердүүлүк улантылууда.