Окуялар

Ошто жер көчүп, унааны басып калган

Бүгүн, 14-июнда Ош облусунун Ылай-Талаа – Сары-Булак – Гүлчө унаа жолунун 7-чакырымында жер көчкөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жер көчкү Hyundai Porter унаасынын жарымын басып калган, куткаруучулардын жардамы менен ал чыгарылды. Унаанын ичинде жүргүнчүлөр болгон эмес.

Жер көчкү коркунучу бар болгондугуна байланыштуу жол каттамы альтернативдүү айланма Ылай-Талаа – Шаркыратма – Сары-Булак жолу аркылуу жүргүзүлөт.

Көчкүнүн жолго түшкөн көлөмү болжол менен 8 миң 400 куб метрди түзөт. Жолдун 50 метр аралыгы 50 см чейин чоккон.

Кошумча маалымат берилет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button