Коом

Бишкектин айрым жерлеринде 25-августта суу өчөт

25-августта борбор калаанын айрым жерлеринде суу өчөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 25-августта саат 9:00дөн 21:00гө чейин Политехническая жана Водопроводная көчөлөрүндө суу болбойт.

Суу берүү диаметри 150 мм болгон эки клапанды алмаштырууга байланыштуу убактылуу токтотулат.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жашоочуларды, уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап коюуну суранат.

Тектеш кабарлар

Back to top button