Браконьерлерге каршы күрөш: Экологиялык милиция көлдү браконьерлердин торлорунан тазалоодо – ВИДЕО

Балыктарды браконьердик жол менен кармоого бөгөт коюу жана анын урук чачуусуна тоскоолдуктарды жоюу максатында, Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын өкүлдөрү менен биргеликте, көлдүн үстүндө масштабдуу текшерүү иштерин турмушка ашырууда.

Облустук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, 11-июнь күнү Ысык-Көл районунун Сары-Камыш, Тору-Айгыр жана Кызыл-Орук айылдарына жакын жайгашкан көлдүн жээгинде рейддер жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында, жалпы узундугу 3000 метрге жакын 30 даана синтетикалык балык уулоочу торлор көлдөн алынды. Алынган балык уулоочу торлордун баары Балыкчы шаарындагы кайра иштетүүчү ишканада жок кылынды.

Ысык-Көлдү браконьерлердин торлорунан тазалоо боюнча ушундай эле иштер облустун башка аймактарында да жүрүүдө, – деп айтылат Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирген маалыматта.