ИИМ: Баткенде 33 килограммдан ашык баңгизат менен Тажикстандын милиция кызматкери кармалды – ВИДЕО

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери  узак убакыттан бери жүргүзүп келишкен ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө Тажикстандан Кыргызстанга, андан соң Казакстанга афган тектүү баңгизаттардын ири партиясын ташып сатуу менен алектенген улуттар аралык баңгитобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюшту. Кармалгандардын бирөөсү Кыргызстандын аймагы аркылуу баңгизат ташуу жана аткезчилик менен алектенген Тажикстандын ИИМнин кызматкери  болот.

 Бул кылмыштуу уюмдун ишмердүүлүгү так аныкталган бир нече түзүмдүк бөлүмдөрдөн турган. Кылмышкерлер жашыруундуулук  чараларын так сакташып, атайын тескемеден өтүп турушкан. ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлеринин тыкыр ишинин жана натыйжалуу аракеттеринин арты менен Тажикстандын, Кыргызстандын жана Казакстандын криминалдык бирикмесинин катышуучуларына чыгышып, алардын лидеринин өздүгүн аныкташкан. 

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүмүнүн (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо)  алкагында бул ыкчам иликтөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Бир жыл бою жүргүзүлгөн атайын операциянын натыйжасында улуттар аралык баңгитобунун бардык мүчөлөрү кармалды. Бул кылмыштуу топтун уюштуруучусу Тажикстандын жараны 1960-жылы туулган О.А. жана шериги Тажикстандын жараны 1982-жылы туулган И.М., Тажикстандын Ички иштер министрлигинин  кызматкери милициянын улук сержанты кармалды.

Мыйзамсыз жүгүртүүдөн табылып алынган афган тектүү баңгизаттар:  11 кг 299 грамм «апийим», 21 кг 942 грамм «гашиш». Баңгизаттардын жалпы салмагы   33 кг 241 граммды түзөт.

Азыркы учурда  баңгизат менен алектенген бул кылмыштуу топтун башка катышуучуларын жана аларга тиешеси барларды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Кармалган жарандар Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына киргизилген. Иликтөө иштери жүрүп жатат, – деп билдирди ИИМдин Басма сөз кызматынан.