Окуялар

Чүйдө жашы жете элек кызды зордуктоого шектелип 24 жаштагы жаран кармалды

Военно-Антоновка айылында жашы жете элек кызды зордуктоого шектелип 24 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун 1983-жылы туулган М.Г. аттуу тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда 14-июнда саат 02:00 чамасында, 2007-жылы туулган жашы жете элек кызын чала тааныш жигит зордуктаганын билдирген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү башталган.

Милиция жашы жете элек кызды суракка алып, ал 2014-жылдан бери аталган айылдагы балдар үйүнүн тарбиялануучусу экенин түшүндүргөн. 13-июнь күнү саат 13:00дөр чамасында анын ата-энеси менен кошуна жашаган чала тааныш жигит досу менен балдар үйүнө келип, кыз курбусу менен терезеден качып, алар менен жолугушкан.

Андан соң аталган жигит кыз менен жалгыз калгандан пайдаланып, жашы жете элек кызды мас абалында зордуктаган.

Аталган кылмышка шектелип, милиция кызматкерлери тарабынан 1998-жылы туулган У.Т. аттуу жаран кармалып, бардык керектүү экспертизалар дайындалган.

Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button