Окуялар

«Айыл Банктын» мурдагы төрага орун басары УКМКнын тергөө абагында асынган абалда табылды

18-июнда түнкү саат бирге жакын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу тергөө абагында апрель айынан бери камакта жаткан «Айыл Банк» ачык акционердик коомунун төрагасынын орун басары Бакыт Асанбаев каза болду. Абак кызматкерлери аны асынып турган абалда тапкан.

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

«2022-жылы 18-июнда түнкү саат 00:55 чамасында Бакыт Асанбаев камерасында асынып алган абалда табылган. Ага жабык жайдын кызматкерлери жана камералаштары биринчи медициналык жардам көрсөтүп, «Тез жардам» кызматы чакырылган. Бакыт Асанбаев жанындагы айыпталуучулар башка камерада намаз окуп жатканда өзүнө кол салган», — деп жазылган УКМК тараткан билдирүүдө.

УКМКнын басма сөз кызматы Бакыт Асанбаевдин сөөгү соттук-медициналык экспертизага берилгенин маалымдады.Бакыт Асанбаевди жемкорлукка айыптаган кылмыш иши февраль айында козголуп, шектүү апрель айында камакка алынган.Ага каршы «насыя берүүдө коммерциялык тараптардын кызыкчылыгын көздөгөн туруктуу коррупциялык схема түзгөн» деген айып коюлуп, тергөө жүрүп жаткан.

Буга чейин Атайын кызматтын тергөө абагында отурган Марат Казакпаев 9-июнда “Тез жардам” менен Бишкектеги №1 шаардык клиникалык ооруканасына эс-учун жоготкон абалда жеткирилип, 10-июнда өзүнө келбей каза болгон.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button