Бишкек-Ош жолунда жол кырсыгынан 2 адам көз жумду. ФОТО

Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, жыйынтыгында 2 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдан маалымдашты.

«Бишкек – Ош автоунаа жолунун 323-чакырымында жол кырсыгы катталып, VOLVO үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаа менен LEXUS 470 үлгүсүндөгү автоунаалары кагылышкан. Жол кырсыгынын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу жана жүргүнчүсү көз жумган. Жерине Токтогул райондук ӨК-КБнөн 7 куткаруучу тартылып, жеңил унаада кыпчылган жарандарды чыгарылып «Тез жардам» кызматтына өткөрүлүп берилген. Учурда тактоо иштери уланууда», -деп жазылат маалыматта.