Коом

Бишкектен «Манас» аэропортуна атайын автобустар каттай баштайт

Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун башчысы Елена Калашникова 23-июнда басма сөз жыйында билдирди. Ал ушул айдын аягынан тартып Бишкек шаарынан «Манас» аэропортуна күнү-түнү ар жарым саатта атайын автобустар каттай баштарын айтты.

Калашникова буга байланыштуу такси айдоочулар менен жаңжал чыгышы ыктымал деген чочулоо бар экенин, эгер ошондой жагдай жаралса аны жөнгө салууга аракет жасаларын белгиледи.

Алдын ала маалыматка караганда, автобустарда жол киренин баасы 150 сом болот. Бул автобустарды аталган фонддун туунду компаниясы тейлеп, уюштурат.

Ушул тушта аэропортко шаардан барып-келген жолоочулар үчүн коомдук транспорт дээрлик жок, негизинен таксилер каттайт жана мындан улам сын-доомат айтылып келген.

Буга чейин Бишкектен аэропортко атайын автобустар каттай баштаган, бирок көп өтпөй эле токтоп калган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button