Мектепке балдарды электрондук каттоонун экинчи этабы башталат. Анын өзгөчөлүгү эмнеде?

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматтык камсыздоо секторунун жетекчиси Расул Маматов маалымат жыйынында балдарды 1-класска мектепке электрондук каттоонун экинчи этабы тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, мектепке каттоонун экинчи этабы 27-июнда саат 09:00дө башталат.

“Мектептерге кабыл алууну бирдиктүү маалыматтык система аркылуу каттоо 2022-жылдын 11-апрелинде башталган . Биринчи этапта кабыл алууда ата-энелердин юридикалык каттоосу жана бала менен базадагы туугандыгы текшерилип, ошонун негизинде мектептерге кабыл алынган. Экинчи этап ушул жылы 27-июнда саат 09:00дө башталат”, – деди ал.

Маматов белгилегендей, экинчи этаптын өзгөчөлүгү жарандар юридикалык каттоосунан көз карандысыз эле бош орун бар каалаган мектепке жазыла ала тургандыгында.

“Ата-энеден бир эле бала менен базадагы байланышы талап кылынат. Байланышты текшерүү үчүн биздин системада “туугандыгын текшерүү” деген атайын сервис жасалган. Ошол жерге ата-эненин жана баланын жеке идентификациялык номери жазылат, ошонун негизинде туугандыгын текшере алат. Туугандык текшерилгенден кийин ата-эне тийиштүү жолчолорду толтуруп, Кыргызстан боюнча каалаган бош орун бар мектепке кирүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт”, – деди Маматов.

Бөлүм башчы система азыркы кезде “Инфоком” мамлекеттик ишканасы тарабынан техникалык жактан экинчи этапка даярдалып жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, бирични этаптын жыйынтыгы менен жалпы бөлүнгөн квотанын 45%ы толуп, атап айтканда, 73 миң 81 бала мектепке кирген. Калган 86 миң 758 орун экинчи этапка өткөрүлөт.