Коом
Журналист: «Атамбаев журналисттер менен укук коргоочуларды куугунтуктап, оозун жапкысы келгенин эл унутуп калды деп ойлойт окшойт?!»
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, «укук коргоочулар менен журналисттерге рахмат, ушулар азаматтар экен»-деп мактаган. Ага, «24.kg» сайтынын журналисти Махмнур Ниязова жооп берди.
«Мактоосун бир жерине тыгып алсын. Эл унутуп калды деп ойлоп жатабы?
Журналисттер менен укук коргоочуларды миллиондук доо-арыздар менен куугунтуктап, оозун жапкысы келген. Эми оозун жаап, түрмөдө жазасы бүткүчө сүйлөнбөй отурсун. Азыр кандай терс көрүнүш болуп жатса, анын баары Атамбаевдин түзүп кеткен системасынын жемиши!»-деп жазды Фейсбук баракчасына журналист Махинур Ниязова.