Коом

VII-IV кылымдарга таандык. Нарын облусунда тарыхый эстеликтер, көрүстөн табылды

Курулуш иштери баштала турган Эпкин — Дыйкан жолунун боюнда 44 тарыхый-маданий эстелик табылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен кабарлады.

Маалыматка ылайык, түндүк-түштүк жолун куруу иштери жүрө турчу тилкеде учурда изилдөө иштери жүрүп жатат.

«Кочкор өрөөнүндөгү Кызарт ашуусуна жакын жерден тарыхый эстелик чыккан. Аял таш менен тегеректелген шакекченин ортосуна атайын жасалган таш үкөктүн ичине коюлуп, үстү жабылган. Ал жерден изилдөөчүлөр эки алтын сөйкө тапкан. Мындай зер буюмдар буга чейин Казакстанда табылган жана алар биздин заманга чейинки VII-IV кылымдарга таандык делүүдө», — деп жазылат билдирүүдө.

Долбоордогу тилкеде курулуш иштери башталганга чейин Кыргыз-Түрк «Манас» университетинен жана Кыргыз улуттук тарых музейинен археологдор тобу чакыртылган. Аларды профессор Кубатбек Табалдиев жетектөөдө. Июнь айынын башында алар казуу иштерин баштаган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button