Коронавирус жуктурган 85 адам аныкталды

15-июлга карата Кыргызстанда 85 адам коронавирус жуктуруп алганы лабораториялык жактан ырасталды.

Санэпидкөзөмөл жана ооруларды алдын алуу борборунун маалымдашынча, илдетке чалдыккан 76 адам Бишкекте. Ош, Чүй облустарында үчтөн, Жалал-Абадда эки адам, Ош шаарында бир адам катталды.

28 адам коронавирустун симптомдоруна байланыштуу дарыгерге кайрылышкан. 57 адам ПЦР тапшырган учурда аныкталган. Илдетке чалдыккандардын 12си ооруканада, калгандары үйүндө дарыланып жатат.

Ооруну жаңы жуктургандардын ичинен 18 адам вакцинанын эки дозасын тең алган.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда 201 414 адам коронавирус илдетине чалдыккан. 3 миңдей адам оорудан көз жумган.

12-марттан тартып Кыргызстанда коомдук жайларда сөзсүз беткап тагынуу талабы дээрлик жоюлган. Мындай талап медицина мекемелеринен жана коомдук транспорттон башка жерлерде коюлбайт.

1-майдан тарта сырттан Кыргызстанга келген адамдардан коронавирусту аныктоочу ПЦР тесттин жыйынтыгы да талап кылынбай турганы кабарланган.