Коом

Милиция мас айдоочулар көп катталып жатканын билдирди

Кыргызстанда быйыл жарым жылда 6600дөн ашуун мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы 19-июлда билдирди.

Бул көрсөткүч былтыркы жылдын биринчи жарымындагыга караганда дээрлик 1000ге көп экени белгилүү болду.

Быйыл жыл башынан бери республикада 3034 жол кырсыгы катталып, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда дээрлик 11%, каза болгондор 26% төмөндөгөн.

Былтыр алгачкы алты айда катталган жол кырсыктарынын 92% айдоочулардын күнөөсү менен болгон.

Учурда жол эрежесин бузгандарга, өзгөчө мас айдоочуларга жазаны каттаалдатууну караган мыйзамдын долбоору коомдун талкуусунда турат. Анда мас абалында рулга отургандарды айдоо күбөлүгүнөн ажыратып, 3, 5, 10 жылга жана өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратуу сунушталууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button