Коом

ВИДЕО: Калашников автоматын мыйзамсыз сактап жүргөн жаран кармалды

Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы тарабынан уюшкан кылмыштуулуктун көрүнүштөрүн алдын алуу жана бөгөт коюу, каракчылык, тоноо, опузалап талап кылуу менен алектенген адамдарды, ошондой эле башка оор кылмыштарды жасагандарды жоопкерчиликке тартуу боюнча комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө. 

2022-жылдын 20-июлунда ИИМнин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын Уюшкан кылмыштуу топторду каржылоого бөгөт коюу бөлүмүнүн кызматкерлери Ош шаарында “Тойота Королла” үлгүсүндөгү  унааны тинтүү учурунда унаанын  багажынан  Калашников  автоматы 8 огу менен табылып алынган.

Мыйзамсыз сакталган курал Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну 1981-жылы туулган Х.А. таандык экени аныкталган.

Бул факты боюнча чогултулган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 267-берененин 2-бөлүмү (куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен кылмыш иши козголгон. Кармалган адам Бишкектеги убактылуу кармоочу жайга  киргизилген, — деп билдирди ИИМдин Басма сөз кызматы.

 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button