ИИМ: Бишкекте транспорт каражаттарын каттоо боюнча калкты тейлөө борбору иштей баштады

ИИМдин “Унаа”  мамлекеттик мекемесинин Аламүдүн бөлүмүнүн базасында Бишкек шаарынын Элебесов көчөсүнүн №206 дарегинде  жайгашкан транспорт каражаттарын каттоо боюнча калкты тейлөө борбору иштей баштады.

Борбор “бирдиктүү терезе” принциби боюнча иштейт. Ар бир кыргызстандык жаран катталган жерине карабастан өз унаасын каттай алат. Бардык транспорт каражаттарын эсепке алуу жана каттоо процесстери автоматташтырылган жана жалпы тутумга интеграцияланган.

Транспорт каражаттарын каттоо боюнча калкты тейлөө борборунун ачылыш аземинде “Унаа” мамлекеттик мекемесинин директору Рустам Джокоев сөз сүйлөп, шаардын аймагында экинчи борбордун ачылышы кезектерди азайтууга мүмкүндүк берерин билдирди. “Биз иштеп жаткан жалгыз борбордун тейлөөсүндө суроо-талаптарын көптүгүн эске алдык. Жакынкы айларда Кыргыз Республикасынын Президентинин “Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында калкты тейлөөнүн сапатын жакшыртуу жана кезек менен көйгөйлөрдү чечүү үчүн шаардын батыш бөлүгүндө үчүнчү транспорт каражаттарын каттоо боюнча калкты тейлөө борборунун ачуу мерчемделүүдө”,-деди ал өз сөзүндө.

Рустам Джокоев ошондой эле борбордун бүгүнкү күндө ачылган жери жарандар үчүн ыңгайлуу убакытты үнөмдөрүн кошумчалады.

Транспорт каражаттарын каттоо боюнча калкты тейлөө борборунун жалпы аянты 2000 кв аймакта жайгашкан, ал эми имараттын аянты 300 кв. Жарандардын ыңгайлуулугу үчүн кондиционер тутуму орнотулган, электрондук кезек күтүү, маалымдоо стенди жана күтүү бөлмөсү каралган. Банктардын кассалары иштейт, ошондой эле төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн терминалдар орнотулган. Паркинг аянты 200 унаага ылайыкталган.

Сынак залы видеобайкоо камерасы менен жабдылган, ал эми практикалык экзамендерди кабыл алуу автодромдо чыныгы жол шартына мүмкүн болушунча жакын режимде жүргүзүлөт.

Транспорт каражаттарын каттоо боюнча калкты тейлөө борборунда   автоунааларды каттоо үчүн 10 кабинка, айдоочулук күбөлүктү тариздөө үчүн 3 кабинка иштейт.  Кошумча даяр документтерди жана мамлекеттик номур белгилерин берүү үчүн өзүнчө кабинка жайгаштырылган. Транспорт каражаттарын каттоо боюнча калкты тейлөө борбору күнүнө 300гө чейин унаа сүйүүчүлөргө кызмат көрсөтө алат, – деп билдирди ИИМдин Басма сөз кызматы.