Окуялар

Ысык-Көлдө автоунаалардын тетиктерин уурдоо менен алектенген топ кармалды

Июль айынын орто ченинде Каракол шаарынын аймагында оор жүк ташуучу автоунаалардын тетиктерин уурдоо учурлары орун алган. Бул тууралуу  Ысык-Көл ОИИБнин  Басма сөз кызматы билдирди.

Алып айтканда, 17-июлдан 20-июлга чейинки аралыкта Каракол ШИИБне төрт жергиликтүү тургундар кайрылып, белгисиз адамдар алардын оор жүк ташуучу автоунаалардан ар кандай тетиктерин уурдашкандарын билдиришкен. Уурдоо кылмышынын кесепетинен жабырлануучуларга жалпысынан 47 000 сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген.

Аталган фактылар Каракол ШИИБдин КБРне катталып, кылмыш жаза кодексинин 205 (Урдоо) беренеси менен кылмыш иштери козголгон.

Жакында Каракол ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери жүргүзгөн иликтөө иштеринин натыйжасында, аталган кылмыштарга тиешестиги бар жарандардын өздүктөрүн аныкташып, колго түшүрүштү. Алар Ак-Суу районунун тургундары 34 жаштагы А.С., М.М. жана Жети-Өгүз районунун 25 жаштагы тургуну У.Н. болуп чыгышты. Алгачкы сурак учурунда, кылмышка шектүү болуп кармалгандар күнөлөрүн толугу менен моюндарына алышты жана алардан далил заттар алынды.

Шаардык соттун чечими менен М.М. карата эки айга камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынса, калган шектүүлөр үй камагына алынды.

 

Учурда, кылмыш ишинин алкагында Каракол ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан шектүүлөрдүн башка ушундай кылмыштарга тиешестиги бар, же жогу текшерилүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button