Абдылдабек Кекенов АКШда өткөн жиу-житсу боюнча турнирде алтын медаль утту

Кыргыз спортчусу Абдылдабек Кекенов АКШнын Калифорния штатында өткөн жиу-житсу боюнча “Jiu Jitsu World League” турниринде алтын медаль утту.

Маалыматка ылайык, аталган эл аралык турнир 30-31-июль күндөрү Калифорнияда болуп өткөн. Анда 3 миң 300 спортчу катышып, Кекенов эки категория боюнча беттешкен. Кыргызстандык спортчу 76 килограмм салмакта 5 беттеш өткөрүп, эки категорияда тең алтын уткан.