Коом

Кыргызстанга Pfizer алып келинди, бирок колдонууга азырынча берилбейт. Себеби

Кыргызстанга COVAX механизминин алкагында COVID-19га каршы Pfizer-BioNTech компаниясынын 100 620 доза вакцинасы алып келинди. Бул тууралуу Республикалык иммундук профилактика борборунун жетекчиси Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Анын айтымында, түшүнүксүз себептерден улам вакцина эриткичи жок келип калган.

«Pfizer-BioNTech компаниясынын күтүлүп жаткан дозадагы вакцинасы келди. Бирок түшүнүксүз себептерден улам препараттын эриткичи жок болуп чыкты. Учурда бул боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Кыргызстандан шашылыш чыгып жаткан жарандар вакцина алуу боюнча (0703) 126 442 номерине чалышса болот. Калган жарандарды кырдаалга түшүнүү менен мамиле жасоого чакырам», — деди Ишенапысова.

Белгилей кетсек, Pfizer–BioNTech вакцинасы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) тарабынан колдонууга уруксат берилген препарат. Эффективдүүлүгү 95 пайызды түзөт. Коргоо эффектиси биринчи дозаны алгандан 12 күн өткөндөн кийин өнүгө баштайт. Бирок вирустан толук коргонуу үчүн ДССУ тарабынан 21-28 күндүн аралыгында экинчи дозасын алуу сунушталат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button