Коом

Китеп окуу стресстен арылтат. Караколдогу СИЗОго 300гө жакын китеп-журнал жыйналды

КР Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын Каракол шаарындагы №23- мекемесинин тарбиялык, социалдык жана психологиялык иштер бөлүмүнүн кызматкерлери USAIDдин Укук булагы долбоорунун гендердик мектебинин катышуучулары менен биргеликте, тергөө абагында отурган адамдарга китеп чогултуу акциясын өткөрүштү.

Мекеменин китепканасы негизинен совет доорунда басылып чыккан адабияттардан турган жана ошого жараша камактагылар үчүн эч кандай кызыкчылык туудурбай, узак убакыт бою өзүнүн пайдалуулугун жоготкон.

Ошол эле учурда, камералык системанын абактагыларга тийгизген таасирин эске алуу менен китеп окуу убакытты өткөрүүнүн эң жакшы варианттарынын бири болуп эсептелет. Ошондой эле китеп окуу стресстин деңгээлин азайтарын эске алсак, жакшы китептер керек экени белгилүү!

Жогоруда айтылгандардын баарын эске алуу менен бул акция эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте ишке ашырылган. Жыйынтыгында активисттер популярдуу детективдик аңгемелерден тарта өзүн-өзү өнүктүрүүгө арналган адабияттарга чейин ар кандай жанрдагы 300гө жакын китептерди жана журналдарды чогултушту.

Уюштуруучулар гуманитардык долбоордун бардык катышуучуларына терең ыраазычылыктарын билдиришет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button