Медведевдин чуулгандуу посту…

Борбор Азия мамлекеттериндеги окуяларды чагылдырган «Интергазета» ЖМКы Москванын Казакстанга болгон мамилеси тууралуу макала жарыялады. Анда, учурдагы Россиянын Казакстанды ар тараптуу сынга алып, саясий алакалары тууралуу сөз болгон.

Императордук амбициялардын курчоосунда Москва эң жакын коңшулары жана союздаштары менен мамилесин ажырымга салууда. Украинадагы агрессиядан кийин КМШ өлкөлөрүнүн бири да бүгүнкү күндө өзүн коопсуз сезе албайт жана табигый түрдө Орусия кошунасынын “достук кучагында” калуудан коркпойт.

Ал эми Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Д.Медведевдин акыркы айла-амалдары, балким, Россиянын эң жакын жана ырааттуу союздашы – Казакстан Республикасын ойлондурууда. Бул “аракеттер” башка мурунку Союз мүчөлөрүнө да тиешелүү экени табышмаксыз жандырмак.

Акыркы бир канча жылдан бери Россия элитасынын өкүлдөрү – депутаттар, саясат таануучулар, журналисттердин – Казакстандын дарегине терс маанайда сүйлөгөн арбыды. Айрымдар казактардын мамлекеттүүлүгү эч качан болгон да эмес деп ырасташкан. Башкалары Казакстандын Украинага кийлигишүүсүн колдобогондугу үчүн чыккынчылыкка айыпташкан, ал эми үчүнчүсү Казакстанда этникалык орустардын саны көп болгон Түндүк облустарынын аймактарына таандык болуу маселесин четке кагууда.

Медведевдин чуулгандуу посту

Ошентип, жакында эле Д.Медведев Казакстан менен азыркы чек аранын мыйзамдуулугуна жана бул өлкөнүн эгемендигине шек келтирген билдирүү калтырды. Социалдык тармактардын биринде ал пост жазган, анда ал Казакстан бийликтерине “ар кандай этникалык топторду республиканын ичинде көчүрүү демилгеси” боюнча “орус геноцидине” туура келиши мүмкүн деген дооматтарды айтып, ошондой эле “Казакстанга орустар келгенге чейин  тартип болбойт” деген тыянак чыгарган.

Ырас, бир канча убакыттан кийин бул билдирүү өчүрүлүп, Медведевдин жардамчысы Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басарынын Вконтакте түйүнүндөгү баракчасы хакердик чабуулга кабылганын билдирди.

Албетте, бардыгы Дмитрий Анатольевичтин өзүнөн түшүндүрмө күтүп жатышты. Бирок, биринчи түшүндүрмөлөр пост жарыялангандан эки күндөн кийин гана пайда болду. Аткаминер анын баракчасы хакердик чабуулга кабылды деген теорияны кайталап, Казакстанды чын жүрөктөн боордоштору деп  ишендирүүгө шашып, окуяны “маалымат согушу” деп атады.

Чыр-чатактар чечилип калды окшойт…

Бирок Казакстанда бул фактыга чоң шектенүү жана ишенбөөчүлүк менен мамиле жасалды. Биринчиден, өзүңүздөргө белгилүү болгондой, Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары сыяктуу жооптуу адамдардын социалдык тармактардагы баракчалары абдан жакшы корголуп, атайын кызматтын тынымсыз көзөмөлүндө. Экинчиден, Медведевдин баракчага чабуул болгону боюнча түшүндүрмөсү окуядан эки күндөн кийин гана жарыяланды. Үчүнчүдөн, ушуга окшош имиш “маалымат согуштары” Орусиянын Украинага кол салуусунун алдында да болду…

Акыр-аягы, посттун пайда болушу кокустук эмес жана белгилүү хакердик чабуул эмес экендигинин пайдасына эң маанилүү аргумент – бул автордун инсандыгы. Дмитрий Медведев тактикасыз, кээде чагымчыл билдирүүлөрү менен белгилүү. Өлкөнүн күч түзүмдөрүндө жогорку кызматта турганына карабастан, ал Россиянын коңшулары жана өнөктөштөрү тууралуу жумшак айтканда дипломатиялык эмес билдирүүлөрү менен бир нече жолу байкалган.

Атап айтканда, Грузия менен Казакстанга карата. Бул өзгөчөлүк Орусия Украинага басып киргенден кийин, анын Киевге болгон дооматтары алсыз теңтуштары менен маселени чечкен короодогу «тентектердин» сөзүн элестете баштаганда айкын көрүндү.

Токаев “квази мамлекеттер” жөнүндө

Ошондой эле Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Санкт-Петербургдагы форумда Донбасс деп аталган республикаларды таануу маселеси боюнча айткан “квази мамлекеттер” тууралуу сөзүнө Орусиянын реакциясы Казакстандын дагы эле эсинде. Андан кийин Орусия Казакстанга өзүнүн үгүттөөчү машинасынын толук күчүн гана түшүрбөстөн, Евразия экономикалык биримдигиндеги өнөктөшүнө таптакыр достук эмес амалды колдонуп, КТК куурун ойдон чыгарылган себеп менен жаап салды, ал аркылуу Казакстандын мунайы Батышка жеткирилет.

Ошентип, өзүнүн империялык жүрүм-турумунун жана айрым инсандардын ойлонулбаган билдирүүлөрүнүн “аркасында” Орусия мурдагы СССРдин аймагындагы акыркы колдоочуларынан ажырап жатат.

Бүгүн Кремлдин жүрүм-туруму Батышты эле эмес, мындай уулуу союздашы менен күрөшүү канчалык кооптуу экенин түшүнө баштаган эң жакын коңшуларды да тынчсыздандырат.

Артур Арипов

Булак: ИНТЕРГАЗЕТА