Тажикстандын кол салуусу. 19 жаштагы чек арачы Айдарбек Айбеков жерге берилди

Чек арадагы куралдуу кагылышта курман болгон 19 жаштагы чек арачы Айдарбек Айбековдун сөөгү Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы Камыш-Башы айылында жерге берилди.
Маркум менен коштошуу зыйнатына туугандары, район акими, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, аскер кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты.
Айбеков Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылында 2003-жылы туулган.
Эскерте кетсек, 2022-жылдын 14-сентябрында эртең менен Баткендин Булак-Башы тилкесинде ок атылган. Көп өтпөй тажикстандык чек арачылар Баткендин Как-Сай жерлигиндеги “Достук” жана Паскы-Арык жерлигиндеги “Самаркандек” чек ара заставасына ок чыгарышкан.

20-сентябрга карата чек арадагы кагылышта каза болгондордун саны 59 кишиге жетти, 183 адам жабыркады.
КР УКМКнын Чек ара кызматынын 20-сентябрь саат 08:30га карата маалыматына ылайык, Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы тилкесинде кырдаал салыштырмалуу туруктуу.



