Эрназар Акматалиев баштаган эркин күрөш боюнча курама дүйнө чемпионатынан кайтып келишти

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасы дүйнө чемпионатынан кайтып келди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Бүгүн, 20-сентябрда спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатына катышкан эркин күрөш боюнча курама команда “Манас” аэропортуна учуп келди.

Курама команданы маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары – Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев, Кыргызстандын күрөш федерациясынын өкүлдөрү, спортчулардын жакындары жана күйөрмандары тосту.

Алгач, спортчулар Баткендеги шейит кеткен жоокерлерге куран окуп, алардын мекен үчүн кылган эрдигин эскеришти.

Белгилей кетсек, учурдагы кырдаалдан улам атайын тосуп алуу аземинин концерттик программасы жана маалымат жыйын өткөрүлгөн жок.

Сербиядагы эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Эрназар Акматалиев (70 кг) менен Арсалан Будажапов (79 кг) коло медаль багындырышкан.