Баткенден келген 430 жаран борбордогу конок үйлөрүнө жайгаштырылды

Бишкекке Баткен облусунан келген 430 жаран мейманканаларга жайгаштырылды.

Алар White hotel, Shirin Botanik, “Тумар” жана “Достук”, “Виа Бишкек”, “Лагуна” мейманканалары, медициналык академиянын жана “Ала-Тоо” университетинин жатаканалары кабыл алышты.

Келген баткендиктерге камкор атуулдар борбордун акимиаттары менен биргеликте тамак уюштуруп жатышат. Алардын бардыгына биринчи кезекте эң керектүү жардам көрсөтүлдү.

Абдыкадыров белгилегендей, 14-сентябрынан 20-сентябрына чейинки аралыкта Медициналык жардам кызматынын клиникалык ооруканасына 12 адам түшкөн, дагы 7 бала Эне менен баланы коргоо улуттук борборуна жаткырылды. Баткен облусунан каза болгондордун сөөгүн жакындарына жеткирүү үчүн 50 жүк куту даярдалып, анын 9у өткөрүлүп берилди.