Баткен облусунун чек ара аймактарынан эвакуацияланган 15,5 миң жашоочу үйлөрүнө кайтты

Абал турукташып жергиликтүү калк үйлөрүнө кайта баштады. Калган 121 миң адам башка айылдардагы тургундардын үйлөрүндө жана убактылуу жайларда баш калкалап турат.

Учурда эвакуацияланган жарандар Ош,Жалал абад, Бишкек жана Ысык көлдө камкордукка алынып убактылуу жашап жатышат.

Жогорудагы сүрөттү Владислав Ногай убактылуу жайлардын биринен тартып алган.