Кыргызстан футбол союзу күйөрмандарга кайрылды

Кайрылууда союздун өкүлдөрү күйөрмандардан оюн баштала турган убакыттан эртерээк, саат 18:00дөн 19:30га чейин келүүсүн өтүнүштү.”Команданын жыйынтыгы сиздердин колдооңуздарга, жүрүм-турумуңуздарга байланыштуу. Оюнчуларга туура нукта шык берип, ошол эле учурда коомдук тартипти сактаңыздар. Көрүүчүлөрдү да, оюнчуларды да сыйлап, кооптуу абал жаратпоого чакырабыз. Спорт дайыма саясаттан тышкары жүрөт”, — деди уюмдан.Ошондой эле стадиондогу тазалыкты сактоону да унутпоо керектигин белгилешти.”Жолдоштук беттеш биздин оюнчуларга тажрыйба болот жана өздөрүнүн күчүн көрсөтүүгө шарт түзөт”, — деп айтылган кайрылууда.Оюн бүгүн саат 20:00дө Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо башталат. Буга чейин КФС билеттер кайда жана кандай баада сатылып жатканын айтып берген.Бүгүнкү беттеште Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы кызыл түстөгү формада, россиялык спортчулар ак түстөгү кийим менен ойнойт.