Тажик тарап чек араны бекемдөө боюнча өздөрү көрүп жаткан аракеттерди Кыргызстанга “оодара коюуга” аракет кылууда

Тажикстандын УКМКсы кыргыз тарап ок атуучу позицияларды даярдап, аскердик техникаларды тартып, Тажикстандын аба мейкиндигин бузуп жатканын айтып чыкты. Ал эми КР Чек ара кызматы бул маалыматты төгүндөдү. 

КР УКМКсы дагы эмне деди:

▪️25-сентябрдан тарта тажик тарап ок атуучу позицияларды даярдап, чек аранын бардык периметри боюнча траншеяларды казып жатат

▪️Кыргызстандын аба мейкиндигин бузуп, чалгындоо иштери үчүн дрондорду колдонуу боюнча 10дон ашык факты катталды

▪️”Головной” суу бөлүштүрүүчү жайына бет маңдай жайгашкан позицияларына жарандык унаалар менен ок-дарыларды жеткирүү катталды

▪️Тажик тарап жалданма аскерлерди даярдоо, курал-жарактарды сактоо үчүн мечиттерди пайдаланып жатканы тууралуу маалымат бар

▪️Кыргызстандын УКМКсы тажик тарапты эки мамлекеттин калкын адаштырууну токтотууга, турган мыйзамсыз аракеттерге үндөбөөгө чакырат.

@user2