Ар бир аптанын башында ички иштер органдарында Мамлекеттик тууну көтөрүү иш-чарасынан соң иш күнү башталат

Кыргыз милициясынын кызматкерлери Ата-Мекенге кызмат кылууда өзүнүн ролун жана ордун терең түшүнүү, кызматтын талаптарын аткаруу үчүн жеке жогорку жоопкерчилиги, өз милдетин аткаруу үчүн зарыл болгон сапаттарды жана жөндөмдөрдү калыптандыруу зарылчылыгына ишенимдүүлүгү менен айырмаланат.
Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин иш күнү улуу муундан калыптанып келе жаткан маанилүү салт менен –Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусун көтөрүү гимндин коштоосунда башталып келет. Анткени, туу мамлекеттин эгемендүүлүгүн жана өзгөчөлүгүн камтыган негизги символдордун бири.
Патриоттуулук мамлекеттин негизи болуп саналат жана коомдун өнүгүүсүнө түрткү берүүчү ресурсу, жарандын активдүү жарандык позициясы, Кыргыз Республикасынын жыргалчылыгы үчүн кызмат кылууга даярдыгы болуп саналат. Андыктан, жогорудагыларды эске алуу менен Ички иштер министрлигинин жетекчилиги ар бир дүйшөмбүдө Мамлекеттик тууну көтөрүү салты менен милиция кызматкерлерине ишти баштоону тапшырды.

ИИМдин Басма сөз кызматы