Сүйүн Өмүрзаков “табакташына” жан тартып, калың элди жийиркентти…

Жогорку Кеңештин кечээги жыйынында кээ бир депутаттар кесиптеши Өмүрбек Бакировдун 7-кабаттагы иш бөлмөсүнөн чыгарылганын айыпташып, анын мыйзамсыз болгонун, иш бөлмөсүнө кайра киргизилиши керектигин айтышты. Атүгүл Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгынын жетекчисинин келип, маалымат берүүсүн талап кылышты.

Баарынан да депутат, генерал Сүйүн Өмүрзаковдун мыйзамдуулук жөнүндө катуу сүйлөп, Өмүрбек Бакировдун таламын талашкандыгы өтө жийиркеничтүү көрүндү. Себеби, Сүйүн Өмүрзаков милициянын генералы, мурдагы ИИМ башчынын орун басары болгону менен ИИМ системасында, коомчулукта наркобарон, уюшкан кылмыштуу топтордун калкалоочусу, мафиози катары белгилүү. Убагында анын мындай жакшы эмес репутациясы тууралуу маалымат каражаттарында көп айтылып, жазылган. Алсак, кезинде Сүйүн Өмүрзаков Ош облустук милициясын жетектеп турганда, УКТ мүчөлөрүн калкалап, алардын жардамы менен наркотикалык заттарды сатып, капчыгын болуп көрбөгөндөй байытканы, наркозаттарды соодалоочу туруктуу канал түзгөндүгү, ал гана эмес, өзүнүн жакыны К.Саркарбаев дегенди наркозаттарды сатуу боюнча Ош облусуна жооптуу кылып дайындаганы жөнүндө мезгилдик басылмалар жазып чыгышкан. Анын криминалдык элементтер менен тыгыз байланышы, аларды колдоого аларлыгы жөнүндө Ош аймагында эмне деген гана аңыздар айтылып, жазылган эмес. Бул белгилүү болгондорунун бир чети гана. Анын баарын билсек, шок болорубуз бышык.

2010-жылдагы Ош окуясы боюнча  Сүйүн Өмүрзаковго Кылмыш кодексинин  172-2, 233, 234-жана 295-беренелери менен кылмыш иши козголуп, массалык башаламандыктарды уюштуруу, бийликти күчтөп басып алуу, мамлекеттик мүлккө залал келтирүү боюнча айыптар тагылган. Бирок ал иштер боюнча тергөө кандай болгондугу белгисиз бойдон калган.

Ал эми ЖК депутаты Өмүрбек Бакировдун ким экендиги жашыруун эмес. Кезинде Ош аймагындагы активдүү УКТ мүчөсү катары кылмыш иши козголуп, соттолуп, абакка олтуруп да чыкканы маалым. Ушундан эле  Сүйүн мырзанын кесиптешине жаны күйүп, мыйзамдуулукту оозанып, Бакировго иш бөлмөсүн кайтарып берүүнү талап кылып атканынын төркүнү түшүнүктүү болот. Мурдагы “табакташына”, мыйзамсыз баюудагы “өнөктөшүнө” жан тартып аткан кербези. Бирок башкалар мыйзамдуулукту сүйлөшсө да, ушул генерал Сүйүн Өмүрзаков сүйлөбөй эле койсо болот эле. Өзү мыйзамдын өкүлү болгону менен мыйзамсыз, кылмыштуу иштери менен эки ийниндеги жылдыздарга эчак эле көлөкө түшүргөн генералдын башка мыйзамсыз иштер куурулуп калгансып, УКТ мүчөсүн коргоп, актап, жактап сүйлөгөнү өтө эле комсоо, жийиркеничтүү көрүнөт экен…

Амантай Сагынбеков, Фейсбук колдонуучусу